Жон Керри жолугушууда Тажикстандагы энергетикалык каатчылык, коңшу Өзбекстандын гидроэлектрстанциялардын курулушуна каршы туруусуна байланышкан маселелер да талкууланганын билдирди.
"Тажикстандагы электрэнергия булактарын диверсификациялоонун жолдору көңүл борбордо болду. Жакынкы беш жыл аралыгында Тажикстандын да, Ооганстандын да элин электр жарыгы менен камсыздай турган долбоорлорду ишке ашырууну макулдаштык ", - деди Керри.
Ошол эле маалда, ал чөлкөмдөгү мамлекеттер ортосундагы өз ара түшүнүшүү менен кызматташуу чечүүчү маселелердин бири экенине токтолду. Расмий маалыматтарга караганда, тараптардын кездешүүсүндө террорчулукка каршы натыйжалуу күрөшүү, адам укуктарын коргоо, диний эркиндикке чек койбоо маселелери да көтөрүлдү.