Ссылки доступа

Кыргызстанда өкмөттү реформалоо максат кылынууда


Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Бул тууралуу парламенттеги көпчүлүк коалициянын лидери Чыныбай Турсунбеков «Азаттыкка» кабарлады.

Анын айтуусунда, өкмөттүн жаңы түзүмүндө эки мекеме - Улуттук энергехолдинг жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу холдинги түзүлөт.

Алдын ала талкууларга караганда, министрликтердин саны 14төн 12ге кыскарат.Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин кызмат кылып өзгөртүү пландалууда.Ал эми Коргоо министрлигин Коргоо маселелери боюнча мамлекеттик комитет кылып өзгөртүү каралууда. Вице-премьер-министрлик кызматтын бирөө кыскарат. Учурда алардын саны төртөө.

2-ноябрда Жогорку Кеңештеги төрт фракция биригип, коалициялык көпчүлүктү түзгөн. Башкаруучу көпчүлүк премьер-министрликке Темир Сариевдин, төрагалыкка Асылбек Жээнбековдун талапкерлигин сунуштоодо.

XS
SM
MD
LG