Ссылки доступа

Жон Керринин Борбор Азиядагы сапары карыды


АКШнын мамлекеттик катчысы Борбор Азия мамлекеттери, баарынан мурда Түркмөнстан менен ар тараптуу диалогдун өнүгүп жатканын белгиледи.

Шейшембиде Ашхабадда түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухамедов менен кезигүүнүн алдында сөз сүйлөп жатып, Жон Керрибул - америкалык дипломаттардын башчысынын 1992-жылдан берки Түркмөнстанга болгон алгачкы сапары экенин билдирди.

Ал аймактагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен Самаркандагы жолугушууда экономикалык өнүгүү, чек аралардын абалы, коопсуздук тууралуу маанилүү маселелер козголгонуна да токтолду.

Жон Керринин Борбор Азия боюнча сапары кечээ Тажикстанда уланган.

АКШ мамлекеттик катчысы Дүйшөмбүдө тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдөн соң билдиргендей, Кошмо Штаттар Тажикстан жана башка өлкөлөр менен чек ара коопсуздугун чыңдоо үстүндө иштөөнү көздөйт.

Чек ара коопсуздугу дегенде Тажикстандын Ооганстан менен чек арасы эске алынып жатат.

Керринин айтымында, ал Душанбеде тажик президенти менен Тажикстанды электр кубаты менен камсыздоону жакшыртуу жолдорун да талкуулады. Ага чейинКерри Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстанды кыдырган.

XS
SM
MD
LG