Ссылки доступа

Казакстанда мурдагы премьер-министрге байланышкан сот жараяны аяктоодо


Карагандада Экс-премьер-МинистрСерик Ахметов жана аталган шаардын мурунку жогорку даражалуу аткаминерлерине байланышкан соттук териштирүүлөрдүн соңку жагдайлары карала баштады.

Айыптоочу тараптын маалыматы боюнча, "Топар күнөсканалары" компаниясыиш жүзүндө мурдагы өкмөт башчы Серик Ахметовго таандык. Бул иш боюнча алты адам айыпталууда.

Сотто аталган компаниянын директору Александр Забиров көрсөтмө берип, ишканада Серик Ахметовдун буйругу менен ар кандай көмүскө иштер жасалып келгенин билдирди. Анын айтуусунда, Испанияда катталган компанияны тартуу менен акча каражаттары чыгарылып турган.

Ошондой эле документтерде ишкана үчүн алынган жабдыктардын баалары кымбаттатып жазылган.

Чындыгында, "Топар күнөсканалары"компаниясы "Ишкердиктин жол картасы" мамлекеттик программасы аркылуу 4,5 миллиардтеңгеден ашык каражатка каржыланган, билдирди деп Забиров.

XS
SM
MD
LG