Ссылки доступа

Астанада Борбор-Азиялык тынчтык орнотуу күчтөрүн түзүү сунушталды


Армейская бригада Назарбаева
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00

Казакстанда 4-ноябрда «Президент Назарбаевдин биринчи жоокерлери» деп аталган ардагерлер форуму өттү.

Тажик-ооган чек арасындагы согуштук аракеттерге катышкан ардагерлер бирлигинин төрагасы Мурат Мухамеджанов Борбор Азияда тынчтык орнотуу күчтөрүн түзүү зарылдыгын айтты.

Анынпикиринде, тынчтык орнотуу күчтөрү БУУнун камкорлугунун алдында негизделип, Казакстанда жайгашууга тийиш.

Мурат Мухамеджанов өзүнүн сунушун Ооганстандагы аскердик-саясий кырдаалдын курчушу менен байланыштырууда.

Ал түздөн-түз Казакстандын президентине баш ийген, атайын операцияларды жүргүзүүчү аскердик бөлүк түзүү демилгесин да көтөрдү.

Мындай бөлүк ар кандай коркунучтарга бөгөт коюу үчүн колдонулушу зарыл, - дейт Мухамеджанов.

XS
SM
MD
LG