Ссылки доступа

Нуланд: Орусия Сирияда оор артиллерияны колдонууда


АКШ мамлекеттик катчысынын Евразия жана Европа иштери боюнчажардамчысы Виктория Нуландын айтымында, Орусия Хомсжана Хама шаарларынын жанында оор артиллерияны пайдаланууда.

Анын билдирүүсүндө, Москва сириялык өкмөттүк күчтөрдүколдош үчүн жердеги аскерлерин күчтөнтүүдө. Нуланд Орусиянын 4 миллион долларга күнүнө кетирген аба кампаниясын “туура эмес” депбаалады. АКШ аткаминеринин баамында, орустардынаба соккуларынын кесепеттерижарандарга тийүүдө.

Нуланд 4-ноябрда Эл өкүлдөр палатасынын чет өлкө иштери боюнча комитетинин жыйынындасүйлөгөн эле. Анда алжанадагыбир дипломатЭнн Паттерсон АКШ администрациясынын Сириядагы стратегиясы үчүн сынгакабылышкан.

Паттерсондун айтымында, Орусиянын аскердиккийлигишүүсү ансыз деле оор болуп турган кырдаалдыого бетер курчутууда. “Москва аба соккулары террористтерге тийүүдө деп жалган айтууда ”, - дейт ал.

XS
SM
MD
LG