Ссылки доступа

Темир Сариев кайрадан Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалды


Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйында премьер-министрлик орунга Темир Сариевди жана ал сунуштаган өкмөттүн курамын, программасын бекитип берди.

Сариев 118 депутаттын“макул” деген добушун алды. Буга чейин ал иштин кызыкчылыгы үчүн өкмөттүн курамы көп өзгөрбөй турганын билдирген.

Ошентип, Жогорку Кеңеш 1-вице-премьер-министрликке Аалы Карашев, социалдык тармак боюнча вице-премьерликке Гүлмира Кудайбердиева, экономика тармагын тейлеген өкмөттүн орун басарлыгына Олег Панкратовдун талапкерлигин жактырды.

Арзыбек Кожошев - экономика жана өнөр жай министрлигине, Турдуназир Бекбоев - Айыл чарба жана мелиорация министрлигине сунушталды.

Калган министрлер мурдагы ордунда калышты.Өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, министрликтердин саны 14төн 12ге кыскарды. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кызмат болуп өзгөрүп, анын айрым функциялары Социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлдү.

Ал эми Коргоо министрлиги комитетке айланып, анын төрагасы президент тарабынан дайындала турган болду. Энергетика министрлиги жоюлуп, анын ордуна Улуттук энергохолдинг түзүлөт. Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду да холдинг болуп өзгөрөт.

XS
SM
MD
LG