Анда эмгек келишиминин шарттарын өзгөртүү жол-жобосу жеңилдетилген. Маселен, иш өз убагында аткарылбай калса же өндүрүштүн көлөмү азайган учурда, жумуш берүүчүнүн демилгеси менен эмгек келишими жокко чыгарылары жазылган.
Мыйзамды саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги иштеп чыккан. Аталган мекеме мындай демилгени өлкө экономикасындагы оор абал менен түшүндүрүүдө.
Бир катар кесиптик кошуундардын башчылары муну кескин сындап чыгышты. Мунай өндүрүүчүлөр кесиптик жамаатынын өкүлдөрү аталган мыйзам долбоорун четке кагуу өтүнүчү менен президент Нурсултан Назарбаевге кайрылышты.