Ссылки доступа

Назарбаев француз инвесторлорун менчиктештирүү жараянына катышууга чакырды


Франциядагы сапары учурунда Нурсултан Назарбаев француз ишкерлерин Казакстандагы ири ишканаларды менчиктештирүүгө жигердүү катышууга үндөдү. Бул тууралуу казак президентинин маалымат кызматы билдирди.

Назарбаевфранцуз бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү үчүн Казакстанда узак мөөнөттө иштөө мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Ошондой эле азыркы тапта өлкөдө жүзгө чукул франциялык ишканалар иштеп жатканын кошумчалады.

Астана менен француз ишкерлеринин ортосунда негизинен автоунаа өнөр жайы, суу менен камсыздоо, Францияга уран жеткирүү багытында кызматташуу боюнча келишимдер түзүлдү. Мындан тышкары тараптар мунай өндүрүшү, энергетика, транспорт, байланыш тармактарында алака түзүү тууралуу сүйлөштү.

XS
SM
MD
LG