Ссылки доступа

Өзбекстандагы коррупциялык келишимдерге байланышыбар делген Vimpelcom холдингинин мурдагы жетекчиси Ослодо кармалды


Норвегиянын баш калаасында Vimpelcom телекоммуникация холдингинин мурдагы жетекчиси Жо Лундер камакка алынганы маалым болду. Бул тууралуу норвегиялык телеканалдар айтып чыгышты.

Лундер Өзбекстандагы коррупциялык келишимдергекатышыбар деп шектелүүдө. Бирок жактоочу Като Шетц анын буга эч тиешеси жок экенин белгилейт.

Жо Лундер 4-ноябрда Лондондон Ослого учуп келери менен аба майданда кармалды. Былтыртан бери АКШ менен Нидерланд бийлиги Vimpelcom компаниясы менен өзбек президентинин тун кызыГүлнара Каримовага таандык Takilant Ltd холдингинин ортосундагы келишимдерден коррупцияны изилдөөдө.

Лундер Vimpelcom холдингинин башчылыгынан ушул жылдын жаз айларында кеткен. Бул ишкана Орусия, Италия, Канада, Украина, Кавказ, Борбор Азия чөлкөмүндөгү уюлдук операторлордун башында турат.

XS
SM
MD
LG