Ссылки доступа

Балтика өлкөлөрү Орусиядан “совет мезгилиндеги баскынчылык” үчүн төлөмдөрдү талап кылышат


Интерфакс кабарлагандай, Ригада кечээ Балтика өлкөлөрүнүн укук министрлери кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Анда Советтер Союзунун мураскери катары Орусиядан оккупация үчүн төлөмдөрдү талап кылуу тууралуу сөз болду.

“Эл аралык укук боюнча, материалдык жагынан же кечирим суроо аркылуу оккупациянын зыянын өндүрсө болот”, - дейт Укук министри Урмас Рейнсалу.

Министрлер биринчиден зыяндын көлөмүн аныктоо бирдиктүү жол- жобосун даярдап чыгат. Андан кийин талап коюлуп, юридикалык кадамдар ишке ашырылат. Мындан тышкары, жеке адамдардын атынан жамааттык доо-арыздарды коюу маселеси дагы каралат.

Рейнсалунун айтымында, Балтиканын бир дагы өлкөсү мындай талаптан бир жактуу баш тарткан эмес.

Эстониянын Укук министрлиги маалымдагандай, оккупациялык режимден келтирилген зыянды 2004-жылы атайын комиссия аныктап чыккан.

XS
SM
MD
LG