Ссылки доступа

Назарбаев Франциянын президентине “Достук” орденин тапшырды


Казак президенти Нурсултан Назарбаев француз президенти Франсуа Олланд менен жолугушууда ага I даражадагы “Достук” орденин ыйгарды.

Париждеги жолугушууда тараптар бир катар документтерге кол коюшту. Казакстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен декларация кабыл алынды. Анда Франциянын Астанада өтө турган ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнө катышуусу боюнча келишим, Казакстандын аэрокосмостук комитети менен француздардын космосту иликтөө улуттук борборунун ортосундагы кызматташтык тууралуу декларация, эки өлкөнүн билим берүү жана илим министрликтеринин өз ара алакасы жөнүндө биргелешкен документ камтылган.

Казак президенти Францияга расмий сапар менен 5-ноябрда барган. Анын алкагында бул өлкөнүн алдыңкы компанияларынын жетекчилери менен жолугушуп, француз ишкерлерин Казакстандагы ири ишканаларды менчиктештирүү жараянына катышууга чакырды.

XS
SM
MD
LG