Ссылки доступа

Кыргызстандык «Сүтак» тасмасы Индиядагы кароо-сынакта байгелүү орунга татыды


Жаш режиссер Мирлан Абдыкалыков тарткан “Сүтак” тасмасы жакында Индияда өткөн Jio Mami Mumbai фестивалында экинчи орундагы байгеге ээ болду.

Бул тууралуу киносынчы Гүлбара Төлөмүшова маалымдады. Jio Mami Mumbai фестивалына дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 15 кинокартина сунушталган.

“Сүтак” буга чейин да бир нече эл аралык кароо-сынактарда байгелүү орундарды багындырган. Учурда Германиядагы кинофестивалга катышууда. Аталган тасма ошондой эле Америка киноакадемиясынын “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты чет элдик тасма” багыты боюнча да ат салышууну максат кылып келет

“Сүтак” тасмасында элет жериндеги көчмөн үй-бүлөнүн турмушу чагылдырылган.

XS
SM
MD
LG