Ссылки доступа

Тажикстан аскер комиссариатынын кызматкерлерин өлтүргөндөр жөнүндө маалымат үчүн 10 миң долларсыйпул жарыялады


Тажикстандын Ички иштер министрлиги жарандарды аскер комиссариатынын кызматкерлерин өлтүргөндөр жөнүндө маалымат менен бөлүшүүгө чакырууда. Так маалымат үчүн 10 миң доллар берилет.

Милиция кабар бергендердинаты-жөнүнайтпоо кепилдиги бар экенин маалымдоодо.

ӨлкөнүнКоргоо министрлигинин билдирүүсүндө,комиссариаттын 2 кызматкеринин өлүмү аскерге мажбурлап алып кетүү менен байланыштуу эмес. Министрликтин басма сөз катчысыФаридун Махмадалиевдин айтымында, окуя мекемеден тыш аймакта орун алган. Анын чоо-жайы иликтенүүдө.

7-ноябрда белгисиз адамдар Дүйшөмбү шаарынын Сино районунда аскер комиссариаттын 4 кызматкерин бычактап кетишкен. Кол салууданэки кызматкерказа таап, дагы экөө жаракат алды.

XS
SM
MD
LG