Ссылки доступа

Жон Леннондун гитарасы 2,4 миллион долларга сатылды


Лос-Анжелестеги Julien's аукционунда Жон Леннондун акустикалык J-160E Gibson гитарасы 2,4 миллион долларга сатылды.

«Америка добушу» үналгысынын маалыматында сатып алуучунун аты ачык айтылган эмес.

Аны“Beatles” тобунун эң негизги тарыхый аспабы катары эсептесе болот.

Julien's аукционунун уюштуруучуларынын маалыматына ылайык, гитара 1963-жылы Лондондо жайгашкан Финсбери сейил багында Beatles тобунун концертинен кийин жоголуп, жарым кылымга чейин табылбай келген.АлЖон Леннондун тарыхында сейрек жана өтө маанилүү гитара болчу.

Леннон менен Жорж Харрисон 1962-жылы Gibson компаниясынанокшош гитара сатып алышкан. Алар Америкага Англиядан атайын буюртма менен алып келинип, сатыкка чыккан номурлары аркылуу гана айырмаланган. Леннон өзүнүн аспабын 1962-1963-жылдары көптөгөн ырларды жаздырыш үчүн колдонгон.

XS
SM
MD
LG