Ссылки доступа

Түркияда ИМ тобуна кошулганы бараткан Кыргызстан жана Тажикстан жарандары кармалды


Түрк полициясы өлкөнүн түштүгүндөгү Адана провинциясында "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобуна кошулганы бараткан деп шектелген 38 чет элдик жаранды кармаганын билдирди.

"РИА Новости" агенттигинин маалыматына караганда, алардын бешөө кыргызстандык экени аныкталды.

Мындан тышкары кармалгандардын 14 Азербайжан, 7 Индонезия, 5 Ирак, 3 Иран, 2 Тажикстан жана 2 Ооганстан жарандары. Алардын 10у аялдар, 15и балдар.

Колго түшкөндөрдүн баары тиешелүү документтер толтурулгандан кийин андан ары депортация кылуу үчүн Миграция кызматына өткөрүлүп берилди.

XS
SM
MD
LG