«Бул маселени саясатташтыруунун кажети жок. Бул – экономикалык көйгөй. Андыктан кайым айтышып, талашып-тартышууну токтотуу керек. Калктын бир катар катмарларына жардам берүү – биздин башкы милдет», — деп билдирди Мамытбеков.
Анын айтуусунда, акыркы 5-6 жылда мамлекеттин нандын баасын туруктуу кармап туруу үчүн кетирген каражаты жыл сайын 6 миллиард теңгеден ашып кетти.Инвестициянын жана жаңы технологиялардын жоктугунан бул тармакка мамлекет кийлигишип, калктын белгилүү бир катмарына жардамдашмакчы.
Мындай аракет мамлекеттик чыгымды 1,5 миллиард теңгеге (беш миллион доллардай) кыскартууга өбөлгө түзөт.