Ссылки доступа

Тажикстанда Мирзо Зиёевдун санаалаштары кармалды


Бийликтердин айтымында, алар куралдуу козголоң даярдап жатышкан. Тажикстандын укук коргоо органдары бийликти басып алууну максат кыышкан куралдуу топтун ондон ашык мүчөсүн кармады.

Азаттык үналгысынын тажик кызматы билдиргендей, кармалгандар Бириккеноппозициянын мурдагы башчысы Мирзо Зиёевдун санаалаштары. Муну укук коргоо органдары мурдагы Коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзодонун тобунун мүчөлөрүнүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде тастыкташкан.

“Топтун мүчөлөрүнөн курал табылган. Алар бир айдан бери көзөмөлдө болчу”, - кошумчалайт булактар.

Бириккен тажик оппозициянын мурдагы башчысы Мирзо Зиёев 1997-жылы тынчтыкжөнүндө жалпы келишимге кол коюлгандан кийин Жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаал боюнча министри болуп дайындалган. Расмий мааламытка ылайык, 2009-жылы өзүнүн санаалаштары тарабынан аларды бийликке багынып берүүгө чакыргандан кийин өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG