Ссылки доступа

Бишкекте дүйнөлүк балеттин жылдыздары концерт коюшат


Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрында 25-26-ноябрда дүйнөлүк опера жана балет өнөрүнүн жылдыздарынын катышуусунда концерт болот.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Концертте Франция, Германия, Түркия, Куба, Эстония, Казакстан жана Латвиядан келишкен бийчилер өнөрлөрүн тартуулашат.

Аны “Про Арт” жана “Прима” коомдук фонддору уюштурууда.

XS
SM
MD
LG