Ссылки доступа

ОрусияМисирде кулаган учакта жардыруу болушу ыктымалдыгын моюнга алууда


Синай жарым аралында жүргүнчүлөрдүн учагы жардыруудан улам кыйрашы мүмкүн экенин Орусиянын Премьер-министриДмитрий Медведев жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирди.

«Кырсыкка террордук акты себеп деген божомол бар»,- деди Медведев.

Буга чейин Улуу Британия, АКШ, Израил жана эл аралык эксперттер учакта бомба жарылганын жоромолдошкон. Ал эми Орусия менен Мисирдин бийликтери иликтөөнүн расмий жыйынтыгы чыкканча, мындай бүтүмдөн оолак болууга чакырган. Кырсыктан бир нече саат өткөндөн кийин “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен байланышы бар мисирлик согушкерлер учактын кыйрашы үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алышкан эле. Муну Сириядагы аскердик операциялар үчүн Орусиядан өч алуу аракети катары сыпатташкан.

Орус президенти Владимир Путиндин буйругунун негизинде, кырсыктын себептери так аныкталмайынча, Мисирге учак каттамдары 6-ноябрдан тартып токтотулду.

31-октябрда Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербургга багыт алган орусиялык «Когалымавиа» аба компаниясынын учагы Синай жарым аралдарынын үстүндө кыйрап, анын ичиндеги 224 адамдын өмүрү кыйылган болчу.

XS
SM
MD
LG