Ссылки доступа

Казакстанда “Жаш Алаш” гезитине байланышкан сот уланууда


​Сот жараянында тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Ишти Алмата шаарынын №2 Алмалык райондук соту карап жатканын “Азаттык” үналгысынын кабарчысы маалымдады.

Териштирүүдө аталган гезиттин өкүлдөрү жана «Жас-Ай»тибет медициналык борборунун жетекчиси Жасан Зекейулы өз көз караштарын айтып жатышат.

Жасан Зекейулы гезитте жарыяланган макаладан моралдык зыян тартканын билдирип, редакциядан түзөтүү берүүнү, кечирим суроону талап кылууда.

Ушул жылдын майында “Жаш Алаш” гезитинде ЖасанЗекейулы тууралуу«Академик» өз үй-бүлөсү менен соттошууда» деген макала жарык көргөн. Андан кийин башкы каарманбасылманын ишин жарым жылга токтотуп, 400 миллион теңге (бир миллион 300 миң доллар)айып пул өндүрүп берүү талабы менен сотко кайрылган.

Сот бул ишти 12-октябрда кароого киришти.

XS
SM
MD
LG