Ссылки доступа

Орусиялык аскер базасынын офицери тажик жаранын өлтүргөн деп шектелүүдө


Тажикстандын укук коргоо органдары маалымдагандай, орус аскер базасынын улук лейтенанты Иван Щербаков Жабборова аттуу тажик аялды өлтүргөн деген шек менен 9-ноябрда кармалды.

Ага карата кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат.

Милициянын маалыматына таянсак, окуя 5-ноябрда аскер бөлүктүн аймагында болгон. Жабборовага туугандары издөө салышып, 9-ноябрда анын каза тапканы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндөИван Шербаков мас абалында адам өлтүрүп алганын моюнга алып, өткөн окуя тууралуу эч нерсе эсинде калбаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG