Ссылки доступа

Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасында туруктуулук байкалууда


Быйылкы жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикасы туруктуу болгону Дүйнөлүк банктын жарым жылдык баяндамасында айтылат.

Маалым болгондой, Борбор Азия аймагындагы экономикалык олку-солкулукка карабай, январдан тартып августка чейинки аралыкта кыргыз экономикасынынөсүү темпи 6,8 пайызды түздү.

Алтын өндүрүү 46 пайызга көбөйгөн. Ошол эле маалда быйылкы жылдын акырына чейин бул тармакта артка кетүү болот деген божомол бар. Анткени, чөлкөмдөгү экономикалык абал, улуттук валютакурсунун өөдө-ылдый болуп жатышы - ички керектөө менен жеке инвестицияларга таасир этиши мүмкүн. Натыйжада, өсүш жалпысынан 2 пайызга ылдыйлай турганы күтүлүүдө.

Быйыл август айында инфляция былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 10,5 пайыздан5,8 пайызга азайды.

Дүйнөлүк банктын баяндамасында мамлекет тарабынан валюта курсун кармап туруу үчүн жүргүзүлгөн бюджет-салык жана акча-насыя саясатына жалпысынан туура деген баа берилген.

XS
SM
MD
LG