Ссылки доступа

Тажик-кыргыз чек арасын бузуп өткөн улакчылар кармалды

9-ноябрда Баткен облусунун Лейлек районунун Арал Алды Көпүрө жергесиндемамлекеттик чегараныбузган Тажистандын беш жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Тажикстандын жарандары кыргыз-тажик чегара бекетинен эмес, башка жол аркылуу өтүп келе жаткан кезде колго түшкөн. Алар Кыргызстандагы улак тартыш оюнуна катышууну көздөшкөн.

Мыйзамга каршы аракеттери үчүн тажик жарандары административдик жоопкерчиликке тартылышты.

​
XS
SM
MD
LG