Ссылки доступа

Кыргыз өкмөт башчысы Темир Сариев мамлекетти шантаж кылгандар жазаланарын эскертти


​Премьер-министр Темир СариевТалас облусунда дыйкан дарменен жолугушкан учурда мыйзам бузуп, мамлекетти шантаж кылгандарга чара көрүлөрүн айтты:

- Кээ бир топтор түрдүү сөздөрдү айтып жүрүшөт. Беш-алтоо, балким алар өздөрү төө буурчак айдабайт, "тигилер келгенде машинесин тигинтип-минтип коебуз" деп элди дуулдатып жатат. Аларга чара колдонулат. Кубат бар, күч бар. Беш киши бүт мамлекетти шантаж кылганды токтотушу керек.

Кыргызстандын Талас облусунда дыйкандар айдоо аянтынын 80 пайызынатөө буурчак айдашат. Мындан 1-2 жыл мурда ортомчу фирмалар анын бир килограммын 100 сомдон сатып алчу. Быйыл баа 25-30 сомдон көтөрүлбөй жаткандыктан, эмгеги акталбай калганына нааразы дыйкандар өткөн айда акцияларды уюштурган.

XS
SM
MD
LG