Ссылки доступа

Казакстан ШКУнун алкагында эл аралык жүк ташуу боюнча келишимди бекитти


Казак президентинин маалымат кызматы билдиргендей, документте автоунаа менен жүк ташуу тармагын өнүктүрүү үчүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аракеттерин координациялоо маселеси камтылган.

Ага президент Нурсултан Назарбаев тарабынан кол коюлду.

2014-жылдын 12-сентябрында Дүйшөмбүдө түзүлгөн келишимдин максаты - эл аралык жүк ташууга байланышкан жол-жоболорду, талаптарды жеңилдетүүнү көздөйт.

Ошондой эле жүк ташуучуларга Шанхай кызматташтык уюмунун курамындагы өлкөлөрдө эркин иштөө укугу бериле турганы жазылган.

XS
SM
MD
LG