Ага ылайык Украинага жикчилдер менен күрөшүүгө 300 миллион долларга чейин аскердик жардам бөлүнүшү мүмкүн. Анын 50 миллиону брондолгон система, гранатомет, миномет, ар кандай курал-жарактарга сарпталат.
Расмий Вашингтондон түшкөн маалыматтар боюнча, президент Барак Обама мындай саясатты колдоп, документке кол кое турганы күтүлүүдө. Буга чейин Американын президентинин акимчилиги Украинаны курал-жарак менен камсыздоо тууралуу чакырыктарды кубаттаган эмес. Бул кадам – Орусияны жолдон адаштырышы мүмкүн деген позицияны карманган.
Конгресс тарабынан бекитилген бюджет тууралуу документке ылайык, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко каршы күрөшүү үчүн Иракка да 715 миллион доллар бөлүнмөкчү.