Ссылки доступа

Тажикстанда киши колдуу болгон аялдын сөөгү жакындарына берилди


Дүйшөмбү шаарынын 22 жаштагы тургуну Шоира Жабборованын өлүмү үчүн орус аскер базасынын улук лейтенанты Иван Щербаков айыпталууда.

Маркумдун жаагы сынып, башында оор жаракаттардын издери калганы аныкталды.

Туугандарынын айтымында, Шоира 5-ноябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Натыйжада укук коргоо органдарына кайрылышып, бир нече күндөн кийин анын өлүмү тууралуу кабар угушкан.

Аны өлтүргөн деген шек мененТажикстандагы Орусиянын аскер базасынын офицери Иван Щербаков 9-ноябрда кармалган. Кечээтышкы иштер министри Сироджидин Аслов Орусиянын Тажикстандагы элчисиИгорь Лякин-Фроловду кабыл алып, кыйноодон улам каза тапкан аялдын өлүмүнө калыс баа берүүнү суранды.

XS
SM
MD
LG