Ссылки доступа

Индонезиядаарал-абагын киши жегич крокодилдер кайтарат


Индонезиянын бийлиги аралда жаңы абак курганы жатышат. Аны киши жегич крокодилдер кайтарат. “Интерфакс”булагы жазгандай, ал абакта баңгизат менен кармалгандар гана отурушат.

Индонезиянын баңгизатка каршы Улуттук агенттигинин башчысы Буди Васезокрокодилдер адамдарга караганда күзөтчүлүк милдетти мыкты аткарышарын,аларды пара берип сатып алганга болбой турганын белгиледи.

Ошондой эле абакта отургандардын бирөө качып бараткан жеринен крокодилдерге жем болуп калса, аларды эч ким мыкаачы деп күнөөлөй албайт.

Мындай сунуш Юстиция министрлигине жиберилди. Азырынча агенттиктин кызматкерлери аралдарды аралап, эң коркунучтуу крокодилдерди издешүүдө.

Өлкөдө баңгизатка каршы мыйзам катуу, ошого карабай зыяндуу каражаттарды колдонуу, таратуу жана аны сатуу менен алектенгендердин аягы тыйылбай келүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, Индонезияда 4,2 миллион адам баңгизат колдонот.Булкөрсөткүч калктын 2 пайызын түзөт. Өкмөт мындай көрүнүштү өтө кооптуу деп баалоодо.

XS
SM
MD
LG