Ссылки доступа

Казакстан Евробиримдик менен алакасын чыңдайт


Астанада шаршембиде өткөн экономикалык форумда Казакстандын премьер-министри Карим Масимов Европа Биримдиги менен өнөктөштүктү бекемдөө жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жаңы келишим түзүлөрүн билдирди.

Казакстан менен Евробиримдик ортосундагы мындай келишимге кийинки айда кол коюлары күтүлүүдө.

Карим Масимов өз өлкөсү Орусия жана Кытай сыяктуу эле Европа Биримдиги менен да алакасын бекемдөөгө кызыкдарлыгын айтты.

Астана менен Брюссель соңку беш жылдан бери бул келишимдин долбоорун талкуулап келүүдө. Европа Биримдиги Борбор Азиядагы экономикасы өнүккөн жана Евразия экономикалык биримдигинде Орусиянын эң жакын өнөгү саналган Казакстан менен кызматташтыгын чыңдоого даяр экенин буга чейин билдирип келген.

Документ Евробиримдиктин Украина, Грузия, Молдова өңдүү чыгыштагы коңшулары менен биригүү тууралуу саясий келишимдерге салыштырмалуу анчалык маанилүү болбосо да, Борбор Азия мамлекеттери жана Орусия менен түзүлгөн макулдашууларга караганда дымактуу деп бааланууда.

XS
SM
MD
LG