Алар мууздалган жети адамдын табытын кошо көтөрүп чыгышып,өлкөдө коопсуздукту камсыздоону бийликтен талап кылышты.
Өткөн жумада Ооганстандын Забул провинциясындаэтникалык хазарлардын - төрт эркек, үч аялдын мууздалган сөөгү табылган.Бул аймакта акыркы жылдарда “Талибан” экстремисттик кыймылынын бири-бирин душман санаган топторунун өз ара согушу уланып келүүдө. Ооган бийлигинин айтуусунда, маркумдар жыл башындакошуна Газни чөлкөмүнөн уурдалып кеткен ондогон хазарлардын арасында болчу.