Ссылки доступа

Казакстанда “Менин атым Нурсултан” аттуу сынак жарыяланды


Сынак туңгуч президенттин күнүнө арналган. Анда Нурсултан аттуу жарандар өзүнүн ысымынынмааниситууралууэссе жазышы керек.

Уюштуруучу, «Казконтент” компаниясынын өкүлү Алтынбек Кумырзакулынын айтымында, сынакка 5тен 30 жашка чейин Нурсултан аттуу жарандар катыша алышат.

Борбор Азиядагы демократияны өнүктүрүү борборунун башчысы Толганай Умбеталиева бул сынакты президентке жагалдануу аракети деп сыпаттоодо.

2012-жылдан баштап Казакстандын биринчи президентинин күнү 1-декабрда өткөрүлүп келет. Нурсултан Назарбаевдин өлкөнү башкарып жатканына 25 жыл болду. Казакстанда анын урматына миңдеген балдардын аттары коюлган.

XS
SM
MD
LG