Ссылки доступа

АКШ башчысы Барак Обама кумсалар журналында сүрөткө түштү


OUT басылмасы Обаманы “жылдын санаалашы” деп атады, анткени Барак Обама кумсалардын басылмасы үчүн сүрөткө түшкөн биринчи АКШ президенти болуп калды.

Басылманын 11-ноябрда чыккан саны“тарыхый жылдагы тарыхый окуя” катары бааланууда, анткени 2015-жылы АКШ Жогорку Соту бир жыныстуу үй-бүлөлөрдү түзгөнгө уруксат берген.

АКШ башчысынын айтымында, баардык жарандар тең болуш керек. “Ал ким болсо дагы америкалык кыялдан четте калбаоого тийиш”, - дейт Обама.

Буга чейин Кентукки штатынын аткаминери Ким Дэвис жаңы мыйзам чыкканына карабай, бир жыныстуу үй-бүлөлөрдү каттоодон баш тарткан.

Аткаминердин мындай кадамдарына Америка президенти жооп берди.

“Мен Кудайга ишенген адаммын, мен диний эркиндикти сыйлайм. Бирок бүгүн адамдар өзүнүн диний көз-карашын мыйзамдан өйдө кое албайт”, - дейт Барак Обама.

Out magazine Obama cover
Out magazine Obama cover

XS
SM
MD
LG