Ссылки доступа

Астана ЕАЭБни экономикалык долбоор катары кубаттайт


Бул тууралуу Казакстандын Премьер-министриКарим Масимов шаршембиде Астанадагы экономикалык жыйынында билдирди. Анын айтуусунда казак бийлиги Евразия экономикалык биримдигин саясаттан оолак долбоор катары карайт.

"Казакстан аталган биримдикти колдойт. Бирок ал накта экономика тармагына багытталган уюм деген көз карашта", - деген Масимовдун сөзүн казак өкмөтүнүн басма сөз кызматы жарыялады.

Өлкө премьери Астана Европа Биримдиги менен да алакасынтереңдетүүнү көздөй турганына токтолду.

Карим Масимов ушул жылдын декабрь айында Европа Биримдиги менен өнөктөштүктү бекемдөө жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жаңы келишим түзүлөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары Казакстандын “Бир кур, бир жол” деп аталган кытайлык программага катышуусунун мааниси чоң экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG