Ссылки доступа

Сириядагы согушка тартылган кыргызстандыктардын саны 500гө жетти


Индира Жолдубаева
Индира Жолдубаева

Алардын 122си аялдар. Мындай маалыматты Кыргызстандын Башкы прокурору Индира Жолдубаева Орусиянын Сочи шаарында өткөн Борбор Азия, Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин эл аралык прокурорлор бирлигинин жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда жалпысынан Сирияда эл аралык террордук уюмдардын катарында жүргөн кыргызстандыктардын саны 500гө чукул.

Мындан тышкары укук коргоо органдары тарабынан ар кандай террордук топторго катышы бар дагы 500дөй адам аныкталган.

Батыш өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын маалыматына таянсак, Сирия менен Ирактагы экстремисттик топтордун катарында согушка Борбор Азиялык миңдеген жарандар тартылган. Казак бийлиги “Ислам мамлекети” тобун жактаган уюмдарга кошулган атуулдарынын саны боюнча түрдүү маалымат айтып келет.

Быйыл жайында Казакстандын коопсуздук Кеңешинин катчысы Нурлан Ермекбаев Сирия менен Иракта жүргөн жарандардын саны 400гө жеткенин жарыяласа, күзүндө тышкы иштер министри Ерлан Идрисов 200гө жакын казакстандыктар Жакынкы Чыгыштагы салгылашууларга катышып жатканын айткан.

АКШнын контртеррористик борборунун маалыматында, Сирия менен Иракка чыгып кеткен казакстандыктардын саны миңге жакындап калды.

XS
SM
MD
LG