Ссылки доступа

Күн системасында эң алыс жаңы планета табылды


Буга чейин Күн системасындагы эң алыс планета 2005-жылы ачылган. Аны Эрида деп аташкан

Корнелла жогорку окуу жайынын астрономия жана инженерия боюнча профессору Жозеф Бернс, бул ачылышты “Күн системасы биз элестеткенден да чоң экени далилденди”,- деп мүнөздөгөн.

Эми астрономдор анданбашка эң кичинекей планетаны табышты.

Бул объект Плутондон 3 эсе алыс жайгашкан.Жерден 10 миллиард миля алыс. Бирок жаңы табылган планетанын көлөмү Плутонго караганда 2 эсе аз.

Вашингтондо жайгашкан Карнеги институтунун астроному Скотт Шеппарддын айтымында, планетанын орбитасы азырынча эсептелине элек.

Science басылмасы бул планета Күн системасынын өзгөчө объектилеринин катарына кирип калышы мүмкүн, деп жазды.

XS
SM
MD
LG