Ссылки доступа

“Ислам мамлекети” тобу Орусияга каршы теракттарды жүзөгө ашыра турганын жарыялады


Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик уюм жакын арада Орусияга каршы террордук актылар болоорун эскерткен видеону Интернетке жайгаштырды.

Reuters агенттиги радикал-исламчы сайттарга байкоо салганSITE тобуна таянуу менен аталган видеотасма “Ислам мамлекетинин” "Аль-Хайят" деп аталган медиа борбору тарабынан дүйнөлүк желеге жарыяланганын кабарлады. Анда орус тилинде “Аз убакыттан кийин көп кан төгүлөт”, деген сөздөр кайра-кайра кайталанган.

Батыштагы бир катар мамлекеттердин чалгын кызматтары Мисирде 31-октябрда Орусиялык учактын кыйрашы үчүн жоопкерчиликти дал ушул “Ислам мамлекети” тобуна жүктөшкөн. Топтун Мисирдеги бөлүмү аба кырсыгы аркылуу Орусиянын Сириядагы аскердик операциялары үчүн өч алынганын эки ирет жарыялады.

Орусиянын Ички иштер министрлиги шаршембиде теракт тууралуу эскерткен видеотасманы тараткан интернет колдонуучулар суракка алынарын маалымдаган. Мекеменин өкүлү Елена Алексееванын билдирүүсүндө, милиция тарабынан коркунучтуу кабарды жайылткандардын бир тобу аныкталды.

Ушул эле күнү коомдук жайларда жардырууларды уюштурууну максат кылган бир нече жанкечтиОрусиянын аймагына кирүүгө үлгүргөнү тууралуу кабар тараган эле.

XS
SM
MD
LG