Ссылки доступа

Укук коргоочулар чарчап калган тажикстандык наристенин энесин Орусиядан чыгаруу өкүмүнө нааразылык билдиришүүдө


Орус президентинин алдындагы адам укуктары боюнча Кеңеши Санкт-Петербург сотунун чечимине каршы чыкты.

Аталган кеңештин төрагасы Михаил Федотов, наристенин өлүмү боюнча тергөө аяктаганча, Зарина Юнусованы Орусиянын аймагынан чыгарбоо керектигин айтууда. Федотовдун пикиринде, соттун жогоркудай чечими кылмыш ишин иликтөөгө тоскоолдук жаралып жатканын айгинелеп жатат.

Санкт-Петербург шаарынын соту кечээТажикстандын жараны, чарчап калган ымыркай Умарали Назаровдун энеси Зарина Юнусованы миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн Орусиядан чыгаруу чечимин кабыл алган. Сот Юнусова баласынын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинде жабыркаган тарап деген жүйөнү четке какты. Келин эми 15 күндүн ичинде Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш.

13-октябрда Юнусова миграция жөнүндөгү мыйзамды бузган деген кине боюнча кармалып, укук коргоо кызматкерлери анын эмчектеги баласын тартып алышкан. Эртеси ооруканага баласына барганда анын чарчап калганын айтышкан. Соттук-медициналык экспертиза 5 айлык наристенин өлүмүнө өтүшүп кеткенвирустук инфекция себеп экенинкөргөзгөн. Бирок ата-энеси бала оорубаганын айтып, бул версияга ишенбей турушат.

XS
SM
MD
LG