Ссылки доступа

“Ислам мамлекети” тобу Бейруттагы жардырууга жоопкерчилик алды


Өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ Ливан баш калаасы – Бейрутта болгон жардырууну уюштурганын билдирди.

12-ноябрь күнү жардыргыч затты белкур кылып байлаган жанкечти өзүн жардырганда 37 адам каза болуп, 180ден ашыгы жараат алган.

Кол салуу калаанын четинде соода борбору менен мечиттин аралыгында, иранчыл “Хезболла” тобу менен талаш аймакта болду.

Мусулман-шиилерден турган “Хезболла” тобунун аскерий даярдыктагы мүчөлөрү Сирия президенти Башар Асаддын таламын талашып келишет. Ал эми ливандык суннийлер Сирия оппозициясын жактайт.

Сирияда төрт жылдан бери токтобой жаткан согуштан улам коңшу Ливанда да зомбулук улам артып барууда.

XS
SM
MD
LG