Ссылки доступа

Ташкенде 150дөн ашуун тургун “ИМ”ге катышы бар деп камакка алынды


Бул тууралуу өзбекстандык укук коргоочу Сурат Икрамов “Азаттыктын” өзбек кызматына маалымдады.

Анын айтуусунда, соңку эки жума аралыгында Ташкенде “Ислам мамлекети” тобуна жана башка экстремисттик уюмдарга катышы бар деген негиз менен кармалгандардын саны 150дөн ашты. Камакка алынгандардын басымдуу бөлүгү чет мамлекеттерде иштеп кайткан эмгек мигранттары.

Өзбекстанда ушул тапта радикал топтор менен байланышы барларды кармоо үчүн жаңы күчтөр тартылганы кабарланууда.

Өлкөнүн ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, милиция кызматкерлери, коопсуздук кызматтардын жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү үймө-үй кыдырышып, шектүүлөрдү аныктоого киришти.

Укук коргоочу Сурат Икрамов күч органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн негизги милдеттерин аткарууданубактылуу бошотулганын жана экстремисттик маанайдагы адамдарды аныктоо менен алектене баштаганын кошумчалады.

Өзбек укук коргоо органдары болсо, кармалгандардын көпчүлүгү “салафиттер” экенин, алар ишкерлик менен шугулданып, ошол эле кезде Кыргызстандагы шериктери аркылуу террордук топтордун согушкерлери менен байланышта болгонун билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG