Ссылки доступа

Парижде жашаган казак жараны текшерүүлөрдүн саны көбөйгөнүн айтууда


Парижде 25 жылдан бери жашап жүргөн казак жараны “Азаттыка” билдиргендей, Франциянын борборунда теракттардан кийин кырдаал тынчый элек.

66 жаштагы Абдусамет Алтай жергиликтүү калктын мусулмандарга мамилеси өзгөргөнүн маалымдаган.

“Жыл башында «Charlie Hebdo» сатирикалык басылмасынын кеңсесине куралдуу кол салуу болгондон кийин, полиция кызматкерлери бекет, мечит жана адамдар көп топтолгон жерлерде күчөтүлгөн тартипте документтерди текшерип калышкан. Эми аскерлердин саны көбөйүп, мусулмандарга кыйынчылыктар жаралды. Быйыл жылдын башындагы окуядан кийин мечиттерге келгендердин саны азайып, кайыр сурагандар да жок болуп кеткен эле. Азыр көчөлөрдө тып-тынч, элдер окуя жөнүндө сөз козгогулары да келишпейт”, - дейт Абдулсамет Алтай.

Францияда 3 күндүк аза күтүү жарыяланып, өзгөчө кырдаал киргизилди. Бир катар чек аралар убактылуу жабылды.

XS
SM
MD
LG