Ссылки доступа

Кыргызстанда коопсуздук чараларын күчөтүү тапшырмасы берилди


Премьер-министр Темир Сариев 14-ноябрда күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов кабарлады.

Анын айтымында, Сариев Франциядагы терактка байланыштуу өлкөдө коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды. Эл көп болгон ири соода борборлорун жана социалдык объектилердин коопсуздугуна көңүл буруп, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

13-ноябрдын кечиндеги Париждин бир нече жериндеги куралдуу кол салуу, жардыруулардан 130дан ашуун адам каза болду. 300дөн ашыгы жараат алды. Өкмөт башчы Темир Сариев бул окуяга байланыштуу пикирин билдирип, өлкө коопсуздугун сактоо үчүн биримдик керектигин жана тартипти күчөтүү зарылдыгын билдирген.

Видео

Желим бөтөлкөлөрдү булага айланткан Тазагүл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:11 0:00
XS
SM
MD
LG