«Коммерсант» басылмасы кабарлагандай, ошол эле учак менен анын энеси Зарина Юнусова да орус жергесинен чыгарылды. Эми ал 5 жылга чейин Орусияга кире албайт.
Соттун мындай чечимине Петербург менен Москвада каршылык акциялар өттү. Анын катышуучулары Юнусованын өлкөдөн чыгып кетиши наристенин өлүмүн иликтөөгө кедерги боло турганын айтышууда. Ошондой эле эксперттердин бала вирустук инфекциядан каза болгон деген тыянагына да ишенбей тургандыктарын билдиришти.
Алардын баамында, иммунитет кескин түшүп кеткенде гана мындай вирус өлүмгө алып келиши мүмкүн. Мисалы СПИД же дистрофия менен ооругандар. Бирок Умарали дени сак, салмактуу наристе болчу.