Аны 14-ноябрь күнү Ош эл аралык аэропортунан бир кишини Түркия аркылуу Сирияга жөнөтүп жаткан учурда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери колго түшүргөн. Милициянын маалыматына ылайык, 19 жаштагы шектүү Ноокат районунун тургуну.
Анын экстремисттик аракети, жарандарды интернет аркылуу торго илип жүргөнү тууралуу күч органдарына 31-октябрда маалымат түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө ал Кыргызстанда тыюу салынган “Катибат аль Имам Аль-Бухари” террордук тобунун мүчөсү экени аныкталды. Үйү тинтүүгө алынып, колдо жасалган жардыргыч заттар, диний-экстремисттик багыттагы материалдар табылган.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда Сирия жана Ирактагы террордук топторго барып кошулгандардын саны 400-500дүн тегерегинде.