Ссылки доступа

Кыргызстанда баңгизат менен алектенген укук коргоо кызматкерлери кармалды


Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат билдиргендей, 8 килограммга жакын маңзатты сатуу аракетин көздөгөн төрт адам кармалды.

Алардын бири Ички иштер министрлигинин, экинчиси Баңгизаттарын көзөмөлдөө мекемесинин кызматкерлери. Калганы жумушсуз экени аныкталды. Иликтөөнүн натыйжасында 15-ноябрда Кара-Балта шаарында бул адамдардын бири 200 граммдан ашык манзат сатып жатканда колго түшкөн.

Ушул эле күнү шылуундук менен 8 килограммдай унду баңгизат катары 80 миң долларга өткөрүп жаткан жеринен топтун 4 өкүлү тең кармалды.

Тинтүү учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен аз өлчөмдөгү баңгизаттары алынган. Ал эми 8 килограммга жакын каражаттын ун экени белгилүү болду. Кармалгандар камакка алынып, тергөө уланууда.

XS
SM
MD
LG