Ссылки доступа

Минскте Украина боюнча сүйлөшүүлөр уланат


Украина боюнча топтун катышуучулары бүгүн Минскте жолугушат. «Интерфакс» кабарлагандай, алар мунапыстын жана Донецк, Луганск облустарынын кээ бир райондорунда өтө турган жергиликтүү шайлоонун шарттарын талкуулашат.

Ошондой эле топтун мүчөлөрү Донбасстын кыйрап калган инфраструктурасын калыбына келтирүү маселесин ортого салышып,аймактагы кырдаалга баа беришет.

Украина президенттик администрациясынын аскердик операция боюнча спикери Андрей Лысенко өлкөнүн чыгышындагы курч кырдаал улана берсе, биринчи коргонуу линиясына артиллерия менен минометторду кайрадан коюларын билдирди.

Расмий Киев менен өзүн Донецк элдик республикасы деп жарыялап алгандардын башчылары соңку күндөрү Донбасста кырдаал курчуганын белгилешүүдө. 14-ноябрдан 15-ноябрга оогон түнү элеукраиналык 3 аскер каза болгон.

XS
SM
MD
LG