Парламенттин төмөнкү палатасы 16-ноябрда бул мыйзам долбоорун колдоп, комитеттерге жөнөткөн.
Тажикстанда атайын операциялар жүргүзүлгөндө байланыш менен Интернетке чектөө киргизилет. Мисалы, 2010-2012-жылдары Раш өрөөнүндө жана Хорогдо бийлик мындай кадамдарга барышкан. Коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын тобуна каршы операция маалында дагы СМС жана жаңылык сайттар менен социалдык түйүндөргө чектөө киргизилген.