Ссылки доступа

Кыргызстанда кызматкерин аткан райондук мамкаттоо башчысы убактылуу иштен алынды


Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Тарыхчиев кол астындагы кызматкерге курал колдонгону үчүн убактылуу иштен алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

Кабарларга караганда, Тарыхчиев кол астындагы кызматкер менен чырдашып, анын башына бир канча жолу травматикалык тапанча менен атып салган. Окуя 13-ноябрда болгонун, жабырлануучу азыр ооруканада экенин анын жакындары кабарлашкан.

- Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө комиссиясы түзүлүп, Жалал-Абад облусуна жөнөп кетишти. Чоо-жайын изилдешип, анын жыйынтыгы менен Тарыхчиевге конкреттүү чечим кабыл алынат,- деди Эржигитов.

Базар-Коргон райондук Ички иштер бөлүмүнүн жетекчи орунбасары Канатбек Аскарбеков факт боюнча кылмыш иши козголгонун “Азаттыкка” маалымдады.

XS
SM
MD
LG