Ссылки доступа

Астана аба майданында коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Франциядагы кол салуулар жана жардырууларга байланыштуу Астана Эл аралык аба майданында текшерүү күчөдү. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады.

Аба майданда текшерүүчү атайын жабдыктар орнотулду. Бардык жүргүнчүлөр жана аларды узатып, тосуп алган жарандар, аэропортто иштегендер да андан өтүүгө тийиш. Текшерүү күнү-түнү жүргүзүлөт.

Мындан улам аба майдандын жетекчилиги эл аралык каттамдарга билет алган жарандарды үч саат, Казакстандын аймагына бара тургандарды эки саат эрте келүүгө чакырат.

XS
SM
MD
LG