Ссылки доступа

Америка штаттары сириялык качкындарды кабыл алуудан баш тартууда


Бул тууралуу 26 штаттын губернаторлору жарыялаган билдирүүдө айтылат.

Алар мындай кадамды Париждеги террордук кол салуулар менен байланыштырып, АКШдан башпаанек алган качкындарды кылдат текшерип чыгууну федералдык бийликтен талап кылууда.

Губернаторлордун мамлекеттин иммиграциялык саясатын аныктоого укугу жок. Ошол эле маалда алар качкындарды жайгаштырууда борбордук бийлик менен кызматташуудан баш тартып, расмий Вашингтондун аракетине жолтоо болушу мүмкүн. Качкындарды кабыл алуудан баш тарткан 26 губернатордун 25и Республика партиясынын мүчөлөрү.

Кошмо Штаттар 2011-жылдан бери Сириядан качып чыккан 1500 адамга башкалка берген. Президент Барак Обама кийинки жылда алардын санын 10 миңге жеткирүү тууралуу мүдөөсүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG